Жумакаева Тамара (1942-ж. т., Нарын району, Куланак айылы - 2008) - артист, ырчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1984, эмгек сиңирген артист, 1974).
1953-55-ж. ал Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын бий, балет, виолончель класстарында окуган. 1959-ж. 8-классты бүткөндөн кийин Республикалык көркөм өнөр фондусунун цехинде иштеген.
1960-ж. Тянь-Шань облустук музыкалык драма театрына кабыл алынган. Атайын артисттик билими жок болсо да, өзунүн музыкалык жөндөмдүүлүгү, дилгир сезгичтиги менен көптөгөн спектаклдерде каармандардын ички дүйнөсүн терең ачып берген, ролдорду зор чеберчиликте аткарууга жетишкен.
Аткарган негизги ролдору: Кукуя (К. Маликов, "Алмаш"), Үлпөт (Ж. Садыков, Т. Мамбетов, «Эми эмне болот»), Толкун (Ж. Абдыкадыров, "Толкун"), Жыпаргүл (Т. Абдумомунов, «Атабектин кызы»), Айнагүл (К. Жантөшев, "Шайтан кыз"), Томаяк бала (Б. Жакиев, "Миң кыял"), Комиссар (В. Вишневский, "Оптимисттик трагедия"), Айдан, Тамара (С. Шимеев, «Өмүр жөнүндө баян»), Дарыйка (Б. Өмүралиев, "Жаңырык"), Полина (Н. Анкилов, "Жоокердин жесири"), Клея (Фигейредо, «Эзоп»), Акбара (Ч. Айтматов, "Кыямат") жана башка. Ал кыргыз элине драмалык эле эмес, мукам үндүү ырчы катары да таанымал. Ж. Шералиев, К. Тагаев, С. Мамбетбаев, Э. Мааданбековдордун обондорун ийине жеткире чебер аткарат. М. Рыскулов атындагы8 сыйлыктын лауреаты (1992).
Анын чыгармачылыгы жөнүндө Д. Абдылдаева «Эл кызы - Нарын жылдызы» аттуу китеп жазган (1996)
Негізгі бет "ЭРМЕГИМ" Сөзү.Абдырасул Токтомушев.Обону Камчыбек Жусупов.Тамара Жумакаеванын аткаруусунда.
Пікірлер: 17