Кытайдын Шыңжаң-Уйгур автономиясында уйгурлар менен кошо казак, кыргыз, өзбек, дунгандар да "эмгек лагерлерине" катылып, зордук, кордук көрүп жатышканын биз алгач 6-7 жыл мурда уга баштадык. Андан кийин кытай бийлиги ал жакта мусулмандарды атайын ошол саясий кайра тарбиялоо лагерлерине камап, "чочконун этин жедиртип, арак ичкизип, намаз окутпай, айтор, мусулман адамы арам деп тапкандын баарын күч менен жасатып, иденттүүлүгүн, ким экенин унутуп калгыдай кылып, маңкуртка айландырганга аракет кылып жатыптыр" деген жаңылык аалам аралап кетти. Канчалаган уйгур активисттери бул жөнүндө ондогон жылдар бою чыркырап келишкенин билдик. Көрсө кыргыз адабиятынын жылдыздарынын бири, акын жана жазуучу, драматург Эрнис Турсунов ошол лагерлерде уйгурлар көргөн кордук жөнүндө тээ союз учурунда эле жазып салган экен! Мен анын уйгур кызынын тагдыры сүрөттөлгөн "Раушан" деген аңгемесин 2004-жылы басылган китебинен таптым. Тообо. Анан эмнеге ага көңүл бурган эмеспиз, окуган эмеспиз? Эми силерди да билсин деп, аудиолоштуруп койдум.
Негізгі бет Эрнис Турсунов | Раушан | Аудио китеп
Пікірлер: 142