23.04.2024
🇰🇬🤝🇷🇺
РОССИЯНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ АЛЕКСАНДР КУРЕНКОВ ГУМЖАРДАМ ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ
Суу апаатынан жабыркаган Оренбург облусунун Орск шаарына жөнөтүлгөн гумжардамдын 2-бөлүгүн Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри, генерал-лейтенант Александр Куренков тосуп алып, кыргыз элине гуманитардык жардам үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Куренков кесиптеши генерал-майор Бообек Ажикеев менен телефон аркылуу байланышып, өз сөзүндө: " Достугубуз кылымдарга! Кыргыз элинин бул жардамы эсибизде түбөлүк сакталат"-, деп баса белгиледи.
Белгилей кетсек, 24-апрель күнү министр Александр Куренков менен " Оренбург жардам кербенин" жетектеп келген Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов башында турган ӨКМдин кызматкерлери менен жолугушуусу өтөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБО
Негізгі бет РОССИЯНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ АЛЕКСАНДР КУРЕНКОВ ГУМЖАРДАМ ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ
Пікірлер: 284