Бактыгүл Сейитбекова жана уулу Алихан улам кайрылуу жасап, Роза Амановага кине коюп жатышат. Бирок Аманованын адвокаты алардын ар бир сөзү жалган экенин айтып, документтер менен далилдеп көрсөттү.
Сейитбекова “Роза Аманова менден 2016-жылы 7 млн. рубль карыз алган, ошонун эсебинен мүлктөрүн өткөрүп берген” деген. Адвокат анын айтканын төгүнгө чыгарды. Анткени Сейитбекова тергөөдө да, сотто да Амановага карыз бергенин делилдей алган эмес. Октябрь райондук соту (24.03.2024) Назар-Ньюс сайтын эне-баланын калптарын төгүндөөгө милдетендирилген дейт Р.Аманованын адвокаты.
Кыскасын айтканда, Алихандын үй-бүлөсү ишенип берилген мал-мүлктү өздөрүнө менчиктеп алгысы келген. Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевге асылып баштаганда пайдаланып кетишкен. Роза Аманова өзүнө таандык мүлктү “кайтарып бер” деп сураганы үчүн ушундай чыр тутаныптыр. Кененирээк видеодон тааныша аласыздар.
Негізгі бет Роза Аманованын адвокаты далилдерди көрсөтүп, Алихандын айткандарын төгүндөдү
Пікірлер: 633