Урматтуу ыр ышкыбоздору!
Бул ырды угаардан алдың, ырдын тарыхына кайрыла кетиңиздер. Алгачында эсиңиздерге сала кетейин, ырдын экинчи куплетин мен улап бергеним болду.
Ыр жарыяланаары менен "Автору башка" делген кептер таралууда. Байкасам, ырдын биринчи куплетин Мыскал Адилкан кызы да ырдап чыккан экен. Такташтыра келсем эки же үч эле ыры бар экен. Ыр жазып таштап койгон сыягы.
Бирок Толкунбек Курманбеков жаздырардан мурда Мага мындай кайрылган болчу: "Өзүм ыр жазамын. Бир куплетин жазган бойдон кайра улай албай койдум. Экинчи куплетин жазып берсеңиз"-деп. Көрсө Мыскал бул ырын Толкунбекке 3-4 жыл мурда "Одноклассники" сайтынан жөнөткөн экен. Иши кылып #атала бул жагы.))
"Малчысы көптүн малы арам өлөт" болуп, көпчүлүк байкабаганы менен өз ара түшүнбөстүктөр болуп баштады.
Негизинде, бирөөнүн текстин оңдоп, улам жазуудан алыс элем. Эмнегедир Макул болгон экенмин. Өкүндүм!
Урматтуу ютуб колдонуучулары, ырды жүктөрдө жогоруда мен айтып өткөн авторлорду эске алып койсоңуздар!
Урматым менен Гүлзат Кудайбердиева!
Урушпай, талашпай текстти бөлүштүрүп койдум.)) Бирөөнүн казанына кол салбасак ушу! Эки авторду да эмгегин баалап белгилей кеттим. Кимиси автору экенин бир өздөрү, бир Кудай билет. Дээринде бары чындыгын айтар!
СҮЙБӨСӨҢ НЕГЕ АЛДАДЫҢ?
1) Ал күндү эстесем мен,
Көзүмдөн жашым агат.
Башканын колун кармап,
Бараттың бак аралап.
Күйдүрүп жалындатып,
Жүрөктү жараладың.
Сүйбөсөң өзүң мени,
Сүйөм деп неге алдадың?
Аралап ошол бакты,
Эрчишип жүрчү элек.
Курулай сөзүң экен,
Ошондо айткан кебиң
Түшүндүм эми баарын,
Сен мени сүйө албадың.
Айтарым бактылуу бол,
Мен эми башка адаммын.
Автор: Мыскал Адилкан кызы,
Толкунбек Курманбеков
______________________
2)
Менчелик сүйүп турсун,
Бактыңа буйурганың.
А бирок мендик сүйүүң,
Түбөлүк менде калсын?
Сагынып калганымда,
Ооруксуйм тартып санаа.
Дидаарың тумар сымал,
Дартыма болот дабаа.
Сүрөтүң көргөн сайын,
Жүрөктө козуйт жарам.
Жашоого билсең азыр
Өзүңсүз көнүп барам.
Мен сени сүйгөнчөлүк,
Сүйөлбайт билсең жарың.
Мени эми сүйбө мейли,
А бирок унутпагын!
Автор: Гүлзат Кудайбердиева
Негізгі бет СҮЙӨМ ДЕП НЕГЕ АЛДАДЫҢ? Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева, Мыскал Адилкан кызы, Толкунбек Курманбеков
Пікірлер: 57