Бул биз жашап жаткан дүйнөдө бардык нерсе бири-бири менен байланышкан. Эч нерсе өз алдынча эле кыймылдай бербейт, өз алдынча жашай бербейт. Бири-бири менен байланышып, мамиле түзүп турат. Мисалы, өзүбүздү алалы. Менин досум -Акыл, Акылдын карындашы - Айзат, Айзаттын классташы -. Гүлназ, Гүлназдын бөлөсү - Бектур, Бектурдун иниси - Адилет, Адилеттин агайы - мен. Көрдүңөрбү, биз - бардык адамдар бири бирибиз менен байланышта туруп өнүгөбүз. Ал эми сөздөр дагы дал ушул биз сыяктуу бири-бири менен байланышып турат. Эгер сөздөр бири-бири менен мааниси боюнча байланышпаса, анда сөздөрүбүздү башкалар түшүнбөй калмак да.
Мисалы, Китеп асманды бала гүлдөдү деп койсом, силер бир нерсе түшүндүңөрбү? Жада калса, өзүм айтып, өзүм түшүнбөй калдым. Китеп асманды бала гүлдөдү. Эмнеге түшүнбөдүк деп ойлойсуңар? Ойлонобуз, ойлонобуз, ойлонобуз! Туура! Туптуура! Анткени сөздөр бири-бири менен мааниси боюнча байланышкан жок. Эми «Бала гүлдөр жөнүндө кызыктуу китеп окуду» десем, баары түшүнүктүү. Себеби мында сөздөр бири-бири менен байланышты, же айкашты деп да айтсак болот. Демек мында сөздөр бири-бири менен айкашканы үчүн маани жаралды. Эгерде сөздөр бири-бири менен мааниси боюнча байланышып турса. алар сөз айкашы болуп саналат деп атасак болот экен. Туурабы? Эң сонун!
Сөз айкашы сөздөрдүн мааниси боюнча байланышы. Келгиле, мен азыр бир нече сөздөрдү айкаштырып, үлгүсүн көрсөтүп берем, калганына жардам бересиөер, келиштикпи?
М: таттуу алма, узун чач, муздак суу, көчөдө ойноо, сейил бакта эс алуу, жети окуучу, акылдуу бала.
Байкадыңар, э? Баары бири-бири менен байланышкан. Эми мен бир сөз айтам, силер анын экинчи түгөйүн табууга аракет кылып көргүлөчү.
Мисалы, «жашыл» . Эмне деп уласак болот. Жашыл асман десем болобу? Туура, болбойт, анткени асман жашыл эмес, көк болот. Жашыл кол десемчи? Дагы болбойт. Анткени силер айткандай, жашыл кол болбойт.Анда эмне жашыл болушу мүмкүн? Дарак, чөп, кийим жашыл болот, э? Демек, «жашыл» деген сөзгө «чөп» деп уласак болот. Менин оюмча, силер менден мурда эле дал ушундай жооп таап койгон болсоңор керек, э? Мүмкүн башкача кылгандырсыңар. кантсе да, туптуура кылдыңар деп ишенем. Эң сонун! Улантабыз. «Тоого»? Тоого минүү десекчи? Туура, кантип ошондой болсун. Анда мен «чыгуу» деп улайын, жыйынтыгында «тоого чыгуу» болот. А силер кандай уладыңар? «Ак»? Улайбыз. Силер кандай уладыңар? Мен «ак кар» дедим. Футбол? Ойноо. Эми мен өзүмдүн тапкандарымды тизмелейин: жашыл чөп, тоого чыгуу, ак кар, футбол ойноо. Силер да өзүңөрдүн тапканыңарды жазып алсаңар болот.
СҮЙЛӨМДҮН АНЫКТООЧУ:
kzitem.info/news/bejne/o6FvwIONf4qdnHY
__________________________________________________
СҮЙЛӨМДҮН ЭЭСИ
kzitem.info/news/bejne/2Waul51ooql-hH4
______________________________________________________
Мыкты презентация жасоо, анын оптималдуу жолдору тууралуу видеосабактар:
www.youtube.com/watch?v=cR777...
________________________________________________________
Кыргыз тилинин башка сабактарынын видеотизмеги:
www.youtube.com/watch?v=IBp-Y...
________________________________________________________
Аналогиялар, окуп-түшүнүү тууралуу сабактардын тизмеги:
www.youtube.com/watch?v=6-vCs...
________________________________________________________
Сүйлөм мүчөлөрү
kzitem.info/news/bejne/2Jyj3Zprj6eDiHY
_________________________________________________________
Сүйлөмдүн баяндоочу
kzitem.info/news/bejne/xIVoz3mrppqkgpw
__________________________________________________________
#кыргызтили #5-класс #сөзайкашы
Негізгі бет Сөз айкашы / 5-класстын окуучулары үчүн
Пікірлер: 73