Кандай гана женил аткарат азыр мындай еч ким ырдай албайт
@silkroadskyrgyztyrkbiz5470
2 жыл бұрын
МАШ АЛЛАХ. БИЗДИН СОНУН ТАЛАНТУУ ТАРЫХЫ БАБАЛАРДЫН🙌🤲🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🥰🥰🥰🥰🥰
@Daniyar.Isanov
2 жыл бұрын
Жумаалы Сейдалиев Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда бир нече жылдар бою иштеп, калың элдин арзуусуна айланган улуу залкар. Кийин ардактуу эс алууга чыккан кезде туулган жерине кайтып келип, кызынын колунда жашады. Мен ал кезде мектеп окуучусу болгондуктан, Жумаалы атабыздын ушундай залкар талант экенин этибар албапмын, аттиң. Кээде ошол Талас шаарындагы Асанбек Оторбаев атындагы көчөдө жайгашкан көп кабат үйдүн биринен чыгып, кечкурун сейилдеп басып, а кээде көлөкөлөп олтургучта ойлуу олтурганын көрөөр элем. Адамдар менен ар качан мээримдүү учурашкан, өтө жөнөкөй инсан эле. Биз анда балабыз. Салтты сактап озунуп учурашсак, абдан жакшы алик алчу. Эмнегедир ушул атаны ичимден ар дайым урматтаар элем. Жаркын талант экенин билбесем да, жөн гана андан адамдык ак дил, инсандык ыйык сапат сезилип, мээрими төгүлүп турчу. Апамдан бул киши ким деп бир күнү сурасам: - Ой, ал деген чоң талант. Филармониянын артисти Жумаалы Сейдалиев деген ата. Кадимки Атай Огонбаевдин шакирти! - деп жооп берди.
Пікірлер: 10