"Мыйзамга баш ийип жашоону үйрөнүш керек. Өткөн жылы октябрь иштери, мектеп куруу жана чет элдиктерге паспорт мыйзамсыз берүү боюнча акталган. Ошондо да соттун чечими менен макул болгонбуз", - деди Мамлекет башчысы.
Мындан тышкары, Жапаров мурдагы президентти кечиргенин кыйытты.
"Түрмөдө жыландын баласы да болбошу керек"деген сөз бар. Жада калса душмандарымдын түрмөдө отурушун каалабайм. Кудай Мухаммед пайгамбарга: "мен кечире билгендердин жана сабырдуулардын тарабындамын", - деп айткан. Биз кечире алышыбыз керек. Эгерде биз Теңирдин жолунда болсок, анда биздин ишибиз ар дайым алдыга жылат", - деп жыйынтыктады ал.
Булак: m.akipress.org/
Негізгі бет Садыр Жапаров: ДУШМАНДАРЫМДЫН ТҮРМӨДӨ ОЛТУРУШУН КААЛАБАЙМ.
Пікірлер: 11