Жаштардын аңгемелерин окуп баштагандан бери өзүмө жаңы бир ааламды ачкандай болуп жатам. Алдыдагы 10-15 жылда кыргыз адабиятында чоң ысымдар пайда болот окшойт. Алардын бири Самара Каныбекова деп ойлойм. Анын «Санта» деген тирүү образдар, кызыктуу сюжет, туунук сезимдер, жандуу диалогдор менен жазылган аңгемесин окудум. Дагы көп жазып, техникасын бышырып, дүйнөлүк адабияттан көп окуса, чындап болочокто адабиятта өзгөрүш жасай турган авторлордун бири боло тургандай. Угуп, пикириңизди калтырыңыз.
Негізгі бет Ойын-сауық Самара Каныбекова | Санта | аудио китеп
Пікірлер: 22