Самара Каримова - Кыз Узатуу (Минус by San)
Самара Каримова - Кыз Узатуу Filtered Instrumental
All rights belong to Samara Karimova
Автордук укук Самара Каримова'га таандык.
Эселегим элиңде,
Эркеледиң өмүргө.
Кадам таштап барасың,
Балалыктан келинге.
Кызым, кызым канатым,
Учук улаар санатым,
Бата тилеп узаттым,
Бактың менен жанашкын.
Аруу, асыл таң элең,
Алдейлеген көлөкөм.
Ата-энеңдин тилеги,
Бактылуу бол берекем.
Кызгалдактай жан элең,
Кыйбай калды апакең.
Кылым баскан нарк менен,
Кыз узатуу салт экен.
Кызым, кызым чырагым,
Бой тиреген чынарым.
Айылыңдан аттанып,
Кайын журтка узадың.
#минусовка
Негізгі бет Музыка Самара Каримова - Кыз Узатуу (Минус by San) Verse 2
Пікірлер: 8