Өз алдынча ишкерликти баштап, кирешелерин жанданткан үй-бүлөлөрдүн саны коомчулукта да арбып барат. Мына ушундай үй-бүлөлөрдүн катарында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Айгүл Жуманазарова да бар. Өткөн жылы чакан самын чыгаруучу цехти ишке киргизип эми өндүрүшүн алдыга карай жылдырып келүүдө. Негизи үй бүлө мындай жөрөлгөнү мурдатан эле ойлонушуп, бирок каражаттын жоктугунан аны ишке ашыра албай келишкен. Былтыр мамлекет тарабынан кайтарымсыз берилген социалдык келишимдин негизинде жүз миң сом менен иш баштаган үй бүлө алгач күнүнө 500 сомдон пайда таап жаткан болсо, учурда күнүнө 2000 миң сомдон киреше алып, айына 60 миң сомго чейин жетүүдө. Ушул тапта самынга болгон кардарлар көбөйүп бир күндө миң данаага чейин өндүрүлүүдө. Келечекте цехти чоңойтуп самындын түрүн чыгарып, жумуш орундарын түзүү пландалууда.
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - facebook.com/UTRKkg
KZitem (УТРК) - www.youtube.com/@UTRKkgchannel/streams
Instagram - instagram.com/utrk_live/?igshid=YmMyMTA2M2Y%3D
Телеграм - t.me/ktrk_live
Негізгі бет Самын чыгаруучу цех ачып, киреше тапкан ишкер үй-бүлө
Пікірлер: 28