Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Өмүрбек Бабановдун "Форумдун имаратына мени премьерликке сунуштаган партиялардын макулдашуусу менен бардым" деген билдирүүсүн төгүндөдү.
Депутаттын айтымында, Бабановду өкмөт башчылыкка сунуштаган партиялар анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, "Форумдун" имаратына барары тууралуу кабарлары болгон эмес:
"Өмүрбек Бабанов аман эле болсун, ар дайым кайсы бир топтун ийгилиги болсо өзүнө ыйгарат. Ийгилик болбой калса, чекеге өзүн алып качат. Ал өзү ушундай экенин Кыргызстан билип калбадыбы. "Ата Мекен", "Бир Бол", "Республика" баштаган бир топ партиянын жаштары Бабановду өкмөт башчылыкка сунушташкан. Премьерликке менин жеке көз карашым боюнча альтернативдүү сунуштар болсо деген элем. Бабанов "мени өзүлөрү сунуштады" деп кийин айтып жатат. Мен премьер-министр болуп, абалдан чыгарып кетет элем деп өзү эле чуркаган. Ошол эле мезгилде белгилеп кетчү нерсе, аны эч ким "Форумдун" имаратына бар деген эмес. Ал партиялар менден суранды деп өз күнөөсүн башкаларга арта салып, суудан кургак чыгууга аракет кылууда".
Саясатчы Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» 2-ноябрдагы «Ыңгайсыз суроолор» программасындагы маегинде 5-октябрдан кийинки өлкөдөгү кырдаалда өкмөт башчылыкка талапкер болгону, мурдагы президент Атамбаев менен "Форум" имаратына, борбордук аянттагы митингге барышы тууралуу суроолорго жооп берген. Анда саясатчы ал күнкү чечимдер өкмөт башчылыкка сунуштаган партия мүчөлөрү менен чогуу кабыл алынганын айткан.
«7-октябрда Алтынбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын жөнөтүп «чогулуп, сүйлөшөлү» деген. Ошол жерде Алтынбек Сулайманов, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Жоодар Шадыканов жана алардын тилектештери болгон. Анан ошол жактан сунуш кылышты. «Сулаймановду спикер кылабыз» дешти. Анан «парламенттик, президенттик шайлоого барбаңыз» дешти», - деген Бабанов.
9-октябрда «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрү маалымат жыйын куруп, анда "Акыркы үмүт" аттуу саясий бирикме түзүү тууралуу меморандум кабыл алынганын, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштап жатканын жарыялашкан.
Бул жыйындан көп өтпөй эле Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган Бишкектеги "Форум" имаратынын алдында Атамбаев менен чогуу олтуруп, "Ала-Тоо" аянтындагы митингге бирге барган.
Негізгі бет Сулайманов: "Бабановду "Форумга" эч ким бар деген эмес"
Пікірлер: 353