Депутат Элвира Сурабалдиева комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекованын Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жубайы экенин эске салып, мында кызыкчылыктар кагылышы болуп жатканын белгиледи.
Сурабалдиева Асанакунов губернатор болуп турганда кылмыш иши козголгонун, бул мыйзам долбоорун башка комитет карашы керектигин кошумчалады.
Гүлкан Молдобекова күйөөсү Ысык-Көлгө тажыяга кеткенин, мыйзамды лобби кылбаганын айтты.
Мыйзам долбоорун депутаттар тобу иштеп чыккан. Алардын бири депутат Мирлан Бакировдун пикиринде, “Кесиптик бирликте 1 млрд. сомдон ашуун каражат айланып турат”. Эл өкүлү ири мүлк объектилери бар экенин, алардан түшкөн каражат кайда жана кандай жумшалып жатканы белгисиз экенин белгиледи.
Жыйын жүрүшүндө Просоюздар федерациясынын өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы экени белгилүү болду. Алар депутаттар тобу сунуштагандай эмес, учурдун талабына жооп берген мыйзам керек деген пикирин айтышты.
Негізгі бет Сурабалдиева: Кесиптик кошуундар боюнча кызыкчылыктар кагылышы бар
Пікірлер: 219