Суу башында турган Кыргызстан кантип эле суусуз калды? Бул суроонун бир беткей жообу жок жана бир гана климаттык өзгөрүүгө, кургакчылыкка шылтоо негизсиз. Аккан арыкттагы суунун баасы болбой, кыргызстандыктар аны товар катары кароону үйрөнгөн эмес. Кесепетинде үй тиричилигинде дагы, бизнесте дагы суу кор колдонулат. Мунун бир жолу сууга болгон трафиттерди көтөрүү болушу мүмкүн. Бирок бул дабы жетишсиз чара. Анткени, эффективдүү башкаруу орноп, коррупция жок болмоюн, тарифтин акчасы кумга сиңген суудай жок болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Суу кризис чечүүдөгү негизги жана зарыл чара - бул жашыл экономикага өтүү. Адам баласы буга чейин жаратылыштын ресурстарын каалагандай калчап, туш келиди колдонуп келип эми азабын тартууда жана кесепеттери дагы алдыда.
#кыргызстан #бишкек #centralasia #экономика #вода #суу #суутартыштыгы #новостикыргызстана #жанылыктар
Негізгі бет Суу кризиси - башкаруу кризиси
Пікірлер: 9