Суусамыр жайлоосунда жылдан жылга караган бадалы көбөйүп баратат. Бул тикенектүү бадалды мал аралап оттой албагандыктан, жайыт жерлеринин саны кескин кыскарууда. Буга чейин аталган өсүмдүктү кыюуга уруксат берилбей келген. Аянты көбөйүп бараткандыктан, 3-4 жылдан бери жайыт комитеттери, малчылар ар кандай техниканын жардамы менен азайтууга аракет кылышкан. Бирок, ал натыйжа берген эмес. Эми, аны химиялык жол менен жок кылуу колго алынууда. Ал үчүн мамлекет каражат бөлүүсү керек. #Бешинчи_канал #жанылыктар #Бишкек
Негізгі бет Суусамыр: Караганага каршы күрөш
Пікірлер: 26