Сузактагы кырсыктан кийин жалпы кайрылгандардын саны 32 балага жетти.
Сузактагы кырсыкка кабыл болгон портердин айдоочусу балдарга бекер балмуздак алып келгенин айтып чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта, 2-май күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Көк-Арт а/ө Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын арасында Манас айтуу аземи болуп жаткан учурда, Жерге-Тал айылынын Жунусова көчөсүнүн тургуну 1976-ж.т Б.Ж өзүнүн башкаруусундагы “Хундай-Портер” автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан автоунаасы жылып кетип “Манас” айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткендигин кабарлаган.
«Текшерүү учурунда Хундай-Портер автоунаасынын айдоочусу 1976-ж.т. Б.Ж. өз көрсөтмөсүндө, аталган окуя болгон учурда ал демөөрчүлүк кылып, кароо сынакка катышып жаткан балдарга бекер балмуздак таркатуу үчүн 7 коробка балмуздак жүктөп чыккандыгын, ал балмуздакты Жерге-Тал айылдык мектебинин директоруна кайсыл жерге жеткирип берейин деп суроо үчүн автоунаасын токтотуп автоунаадан түшүп телефон менен чалып жаткан учурда автоунаа ылдыйга жүрүп кеткендигин байкабай калып, өзү артынан кууп токтоткону жетишпей калгандыгын билдирген», - деп айтылат маалыматта
Негізгі бет Сузактагы кырсыкка кабыл болгон портердин айдоочусу балдарга бекер балмуздак алып келгени айтылууда
Пікірлер: 7