Жалал-Абадда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине 205 батирлүү үй салынууда.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үйдүн пайдубалын куюуга катышып, имарат "шериктердин" жардамында, "чоң саясаттын негизинде" курулуп жатканын айтты. Ташиевдин ушундай сөзү жазылган бир мүнөттүк тасманы 11-июлда мамлекеттик ЭлТР каналы көрсөттү. Бирок үй куруп жаткан өнөктөштөр ким экени тууралуу маалымдалган жок.
Негізгі бет Ташиев: УКМК кызматкерлерине "шериктердин жардамында" үй курулууда
Пікірлер: 714