Сөзү: Б. Чотурова жана Сыймык Бейшекеевдики
Обону: Сыймык Бейшекеевдики
Кызгалдактай кыргыз кызына,
Мактоо айтсак баары жарашат.
Ушул кыздай болсок дешип,
Умтулушуп баары самашат.
Баатыр элдин урпактары үчүн,
Биздин кыздар намыс талашат.
Кайырма:
Кыйыны көп кымбат жолдун,
Жеңиштерде сенин ордуң.
Кызсайкалдай карындашым,
Кыргызыма намыс болдуң.
Таазим сага Айсулуу,
Таазим сага Айсулуу.
Жыргалдан көп мээнет турмушта,
Жылдыз жарыгынан түн кыска.
Жакшы кызы болдуң элиңдин,
Жакасында окшоп кундузга.
Айбыгышат канча жигиттер,
Сендей болгон баатыр бир кыздан.
Кайырма:
Кадырыңды билет калың журт,
Калыстыгын берет Кудайым.
Аппак таңдай, жаркын маанайың,
Айдай жүзүң тартпай муңайым.
Сен ыйлаба ананайыным,
Көтөр башты, тартпа муңайым.
Кайырма:
Негізгі бет Музыка Таазим сага Айсулуу
Пікірлер: 35