Таланттан бүткөн тал чоку, КРдин эл артисти Табылды Актанов
“Толгонуу”
Сөзү: Омор Султановдуку.
Обону: Зайнидин Иманалиевдики.
Кайгыланам кандай күндө болду деп
Кабарыңды укпай калсам күн өтүп.
Жаш жүрөгүм жаш кулундай титиреп
Жапаа, санаа бирге келет жүдөтүп.
Мен кандаймын, сен кандайсың билишпей
Өткөн, кеткен өйдө-төмөн сөз кылаар.
Өзгөлөргө өтүп кеткен бир иштей
Өзүбүзгө өмүр менен барабар.
Аны билбейт, кереги эмне билип да?
Дайра болуп өзүбүздө агалы.
Өмүр өтөт кайгырып да, күлүп да
Кайгысын да, күлкүсүн да алалы.
Күн чыккандай тоо артынан жаркырап
Келбей койбос бизге да бир кубануу.
Жүрөгүмдө жайнап турат ар убак
Кызыл гүлдөй оюм өзүң тууралуу.
Кыргыз улуттук «Манас» театры
КЫРГЫЗ УЛУТТУК “МАНАС” ТЕАТРЫ
Негізгі бет ТАБАЛДЫ АКТАНОВ: ТОЛГОНУУ
Пікірлер: 9