Бүгүн, 1-декабрь күнү Талас шаарындагы борбордук базар жабылып, көпчүлүк соодагерлер Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин алдына топтолушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, алар көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдонууга каршылык билдиришти. Чогулгандар менен президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талант Эдилов жолугуп, суроолоруна жооп берди.
Топтолгондор президентке туура эмес маалымат кетип жатканын айтышты.
Негізгі бет Талас шаарында ККМге каршы соодагерлер топтолушту
Пікірлер: 207