Талас шаарын тазалоо, көрктөндүрүү-жашылдандыруунун үч айлык жүрүшү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген улуттук “Жашыл мурас” программасы менен башталган. Үч айлыктын алкагында Талас шаарынын мэриясы тарабынан мерчемделген жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүзөгө ашып, бүгүн 27-майда үч айлыкты жыйынтыктоо “Кыргыз жараны” концепциясынын “Тазалык менден башталат” ураанын алдында уюштурулган жалпы элдик ишембилик менен аяктады.Ишембиликте шаар аймагындагы жапайы отоо чөптөр чабылып, акыр-чикир таштандылар алынып, жергиликтүү шаар тургундары ички арыктарды тазалап, айлана чөйрөнү, өздөрү жашаган көчөлөрдү тазалашты. Талас шаарынын вице мэри Мира Сейдикеримова шаар аймагын кыдырып, ишембиликке чыккандар менен жолугушту
- 2 жыл бұрын
Талас шаарынын көркүн бузкан көрнөк-жарнактар алынды
- Рет қаралды 6,747
Пікірлер: 39