Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков бүгүн, 25-майда Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.
Төрага өз куттуктоо сөзүндө окуучулардын терең билим алуусуна кошкон зор салымы үчүн жалпы агартуучуларга ыраазычылык билдирип, аларга чың ден-соолук каалады. Ал эми 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө алдыдагы кадамдарына албан ийгиликтерди каалап, келечекте өздөрү каалаган кесип ээлери болушуна тилектештигин билдирди.
Майрамдык иш - чара мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.
Эске сала кетсек, быйыл Талас облусунан жалпы 8 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болду. Анын ичинен 3 бүтүрүүчү Талас шаарынын окуучулары. Алар: Талас шаарындагы Р. Я. Рысакова атындагы N2 орто мектебинен: Амелия Мырзалиева, Айтурган Тулебердиева жана Талас облустук лицей-комплексинен Альбина Түлөкулова.
Белгилей кетсек, 2023-2024-окуу жылында Талас шаарындагы 9 орто мектептен жалпы 353 бүтүрүүчү 11-классты, 826 окуучу 9-классты аяктап жатат.
Негізгі бет Спорт ТАЛАСТА "АКЫРКЫ КОҢГУРОО" САЛТАНАТЫ БЕЛГИЛЕНДИ
Пікірлер: 8