#Талгар_Уланбеков
Талгар Уланбеков - "Жубайым болчу"
Созу: Саламат Калыбек уулу
Обону: Актилек Абдылдаев
Режиссёр: Баха Джо
Сценарий: Эльзар Тиленбаев
Сезимди жөнгө салчы олуккан,
Секетим жөн эместир жолуккан.
Серпилип сендеп күйүп турамын,
Суйкайган жубай болчу жолукчан.
Сүйүнүп турам угуп жообуңдан,
Сүйүүнү сездим кармап колуңдан.
Сыр катпай жаздым болгон сезимди,
Сырдашкан жубай болчу жолукчан.
Күлкүмө себепсиң,
Күн айдай керексиң.
Мен үчүн жаралган,
Баа жеткис белексиң.
Сезимге себепсиң,
Сен мага керексиң.
Бактыма баалаган,
Сен баалуу белексиң.
Каталык болбойт менин сүйүүмдө,
Сактаймын бекем катып түйүндө.
Баланын жытын жыттап экөөбүз,
Бакыттын оту жансын үйүмдө.
Санаага мени жаным салбачы,
Бул сапар колум сунам кармачы.
Биз күткөн көз ирмемдер келди окшойт,
Бир кана жылуу сөзүң арначы.
Күлкүмө себепсиң,
Күн айдай керексиң.
Мен үчүн жаралган,
Баа жеткис белексиң.
Сезимге себепсиң,
Сен мага керексиң.
Бактыма баалаган,
Сен баалуу белексиң.
Өзүмдү арнадым,
Өзгөчөм сезээрсиң!
Негізгі бет Музыка Талгар Уланбеков - Жубайым болчу / Жаны клип
Пікірлер: 489