Т. САТЫЛГАНОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ,
КАРАМОЛДО ОРОЗОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ.
Тамчы шүүдүрүм
Аткаруучу: КРнын Эмгек сиңирген артисти Токтогул Рысалиев .
Сөзү, Обону - Бек Борбиевдики.
Оркестр үчүн иштеп чыккан: КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Насирдинтегин.
Ырдын сөзү:
Кызыл гүл көрдүм,
Жүрөк арбалды.
Сезимдер кайкып,
Сүйүүм арналды.
Гүлгө жетпедим,
Тагдыр ушундай,
Кайсарып учам,
Кайгы кушундай.
Тамчы,тамчы тамчы шүүдүрүм,
Таң алдына жетпей күбүлдүң.
Канча, канча сулуу кыздардын,
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен актың, үзүлдүң.
Алчумун тосуп,
Мойнуңдан жыттап.
Көбүрчүм көлдөй,
Көөдөнүм ыктап.
Ал күндөр калды,
Арман оролгон,
А балким, жомок,
Балким, болбогон.
Тамчы тамчы тамчы шүүдүрүм,
Таң алдына жетпей күбүлдүң.
Канча, канча сулуу кыздардын,
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен актың, үзүлдүң.
Тамчы тамчы тамчы шүүдүрүм,
Таң алдына жетпей күбүлдүң.
Канча, канча сулуу кыздардын,
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен актың, үзүлдүң.
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен көз жаш болуп
Кирпигинен актың, үзүлдүң.
Кирпигинен актың, үзүлдүң.
#кыргызстан #кыргызчаырлар #музыка #филармония #бекборбиев #ырлар #жаныырлар #жаныклип #эксклюзив #оркестр #асылбек
Негізгі бет Музыка Тамчы шүүдүрүм - Токтогул Рысалиев . Тамчы,тамчы тамчы шүүдүрүм,Таң алдына жетпей күбүлдүң.
Пікірлер: 199