Сууктун түшүшү менен циститтин да кези келет. Анткени, суукта жүрүп, суукка урунуу - циститтин келип чыгышынын бир себеби. Көбүнчө цистит сасык тумоону коштоп жүрөт. Цистит - дааратканага тынымсыз чуркатуучу дарт. Заара ушатканда ичтин ылдый жагы ачышып, чыдагыстай оорутат.
Цистит учурунда кайнатылган сууну же минерал суусун көп ичиңиз. Анткени суу менен кошо бактериялар бат чыгат. Бирок кофе же спирт ичимдиктерин колдонуу сунушталбайт. Алчаны как кылып кургатып, кайнатмасына бал кошуп ичсе да аталган оорунун алдын алганга жардамы тиет. Ромашканын кайнатмасын чай катары колдонуп, мумие дарысын ичсеңиз табылгыс дары. Мумиенун бирден бир артыкчылыгы - сезгенүүнү басаңдатуу касиетине ээ. Доктур менен алдын ала кеңешип алып, бир күндө үч маал экиден таблетка ичип турса болот.
Негізгі бет Тар ич кийим цистит оорусуна алып келишин билчүү белеңиз Цистит эмнеден улам келип чыгат?
Пікірлер: 25