Сүйлөм ичинде толуктоочтордун баардыгы эле бирдей кызмат аткара бербейт, т.а., айрымдары кыймыл-аракет менен тыгыз байланышта болот, ал эми башкалары кыйыр формада таасир этет.
Мисалы: Асанга китепти бердим. аталган сүйлөмдөгү кыймыл-аракет “бердим”. Ошол эле учурда бул сүйлөмдүн баяндоочу. Муну менен эки сөз байланышта келип, экөөбү тең толуктоочтук милдеттит аткарууда. Биринчиси, “Асанга”, экинчиси, “китепти”. Эгерде кимдир бирөө “Бердим” десе, дароо “Эмнени?” деп суроого мажбурбуз, андан соң гана “Кимге?” деген суроо жаралат. “Китепти “ деген толуктооч “бердим” деген кыймыл-аракет процесси менен экинчи толуктоочко караганда тыгыз байланышып келүүдө. Сүйлөмдөгү кыймыл-аракетке багытталган ушундай катышына карай толуктоочторду
-тике толуктоочтор
-кыйыр толуктоочтор
деп эки топко бөлүп карайбыз.
Эгерде сүйлөмгө катышкан толуктоочтор табыш жөндөмөсүндө болсо, демек, алар тике толуктоочтор.
1. “Анна Каренинаны” окуп бүттүм.
2. Тамакты шашпай кайнатуу керек.
3. Билимди китептен издеген туура.
Мындан сырткары “жөнүндө”, “тууралуу” жандоочтору менен келген толуктоочтор да тике толуктооч болуп түшөт.
Мисалы: Эртеңки ишти сүйлөштүк же болбосо Эртеңки иш тууралуу сүйлөштүк.
Бизге Куйручуктун акылмандыгын айтып берди же Бизге Куйручуктун акылмандыгы жөнүндө айтып берди.
Ал эми сүйлөмгө катышкан барыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөсүндө турган толуктоочтор кыйыр толуктоочтук кызматты аткарышат.
1. Жакшыга айтсаң, билет,
Жаманга айтсаң, күлөт.
2. Керегеде кулак бар, кеп айтам десең, узак бар.
3. Ар бир адам баскан кадамынан сабак ала жүрүүсү абзел.
#кыргызтили #толуктооч #ЖРТ
Негізгі бет Тике жана кыйыр толуктооч
Пікірлер: 17