Гүлсүндү сабап ургусу келгени менен анын жүзү бозоруп онтоп кыйналып жатканын көрүп унчукпады Акмат.
- Сен жасаткан адамды билесиңби? - деди көптөн кийин.
- Ооба, - Гүлсүн зорго жооп кылды.
- Ооба-а деп коет, ушундан көрө өлсөңчү, Жоомарт туура айтат, сенин же менин атам алып бергенсип өзүбүзчө үйгө ээ болдук, деги сенде бет барбы ыя, эки бала бирдей өлүп калса, минтип билинип турса эмне болот элең, Жаркынай сенин ооруганыңды билбесин, тез арада тап да жандыр! - деп сыртка чыгып кетти. Гүлсүн какшатып, тырышып ооруткан буттарынан өйдө боло албай боздоп жатты, ал түнү жаны кыйналса дагы эптеп чыдады, эртеси барып баягыны таппай калды, тааныбай да калган эле, иши кылып Жаркынайга жамандык кылгысы келип кандай аял экенин баамдабай калган экен. Буту чыдатпай Акматка жетелетип издеп жүргөндө эч жерден таба албады. Айласы куруп кайра үйүнө келди, бүрүшүп үйүндө жатты, аны карап Акмат дагы жумушка бара албай калды. Аргасы кеткенде апасын алдырды, Саада көрүп эле чоочуп кетти:
- Кокуй-кокуй, сен дубадан ооругансың го?
- Апа, ошондой болду, - деп Акмат баарын айтып берди.
Негізгі бет "Токол" | 8 | Аягы | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
Пікірлер: 45