Премьера песни
Токтобек Асаналиев - Болоюн сенин Боогачың (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/boloyoun
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Болоюн сенин Боогачың
Сөзү: Акбар Рыскулов
Обону: Калмурат Рыскулов
Алмашып күзгө жашыл жай,
Ат-Башым агат шашылбай.
Ат кечпей суунун агымын,
Арманым аттын башындай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың,
Алыстан арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөндүм.
Аркы өйүз менен берки өйүз,
Ат-Башым, неге тең бөлдүң?
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың,
Ачыгын айтсам жашырбай,
Арманым аттын башындай.
Ашыгым, менин көрсөтчү,
Аркы өйүз жакка жашынбай.
Боз туман чалып тоо башын,
Бойлобой турам ооба, чын.
Боздотуп койсоң ат башым,
Болоюн сенин Боогачың.
Боздотсоң кантем түтөйүн?
Болжогон күндү күтөйүн.
Боогачың болуп мен сенин,
Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Негізгі бет Музыка Токтобек Асаналиев - Болоюн сенин Боогачың (Official Audio)
Пікірлер: 13