Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Сабиркан (Official album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/sabirkan
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Кең Тянь-Шань
Сөзү Мидин Алыбаев
Обону элдики
Береке, байлыгы мол Ата-Мекен,
Жүрөкө бардыгынан жакын экен.
Тянь-Шань деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.
Тянь-Шань жылдызыңдан жагылат шам,
Болбостур сөөлөтүңдү сүйбөгөн жан.
Өсө бер, өркүндөй бер таалайың бар,
Эркиндик жолун ачкан кең Тянь-Шань.
Жеримдин суусу-дары, таштар-алтын,
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.
Таалайга тандап туруп жаралгансып,
Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын
Мөңкүшүп мөл кашка суу өзөн-сайың,
Кулакка симфония берет дайм.
Бейкутта, берекеге белги берип,
Термелет тентек желге арча, кайың.
Жайы-кышы бел кырчоодон чөпкө калың,
Кең Жумгал, кара Кочкор, Ак-сай, Нарын.
Кой маарап, бээ кишенеп ар өзөндөн,
Бай элим күтүрөтүп айдайт малын.
Тянь-Шань деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толкуп кетем.
Толкуп кетем, толкуй берем.
Негізгі бет Музыка Токтобек Асаналиев - Кең Тянь-Шань (Official Audio)
Пікірлер: 39