Премьера песни
Токтобек Асаналиев -Сагынганда (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/saadatym
Follow Toktobek Asanaliev:
instagram.com/toktobek_asanal...
facebook.com/profile.php?...
Сагынганда
Сөзү Ашыралы Айталиев
Обону Ашыралы Айталиев
Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Толкунун жиреп абанын,
Учуна жетпей санаанын.
Убара болуп кыл чаптабай,
Артымды улам карадым.
Караган менен көрүнбөйт,
Капкайда калды карааның.
Элестейт бирок сүйкүмдүү,
Жароокер жалжал жамалың.
Бир букет гүлдү сунулган,
Күйүттүү кучкө капталгам.
Саламат эсен баргын деп,
Узатып калдың вокзалдан.
Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.
Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Негізгі бет Музыка Токтобек Асаналиев - Сагынганда (Retro clip)
Пікірлер