25-Февраль 2024-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында жайгашкан жалпы типтеги улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын “Кара-Каш” социалдык стационардык мекемесине МҮРӨК коомдук бирикмеси 16 окуучу жаш ыктыярчылар менен бирге барып келдик. Бул мекемеде азыркы учурда жалпысынан 24 карыя күн өткөрөөрүн жетекчиси А. Гүлмира эже маалымдады. Анын айтымы боюнча бул мекемеде артында туягы, багар-көрөрү, тууган уругу жок адамдар айла жок күн кечиришет. Бизди кайгыртканы кыргыз элибизде мындай көрүнүштөр болуп жатканы, жана ушундай оор тагдырга кабыл болгон 24 карыянын ичинен биздин Кара-Көл шаарыбыздагы жердештердин саны 7ге жетип калганы болду. Келечек муундун жүрөгүнө Кудайым ыйман берип, бара-бара балдар үйү менен карылар үйү азаяттыр деген жакшы үмүттөбүз. Боорукер бир туугандарыбыздын жардамы менен бирге аз болсода кичине кызмат кылып, атайын даярдаган белектерибизди, тамактарыбызды берип, көңүлдөрүн ачып келдик. Ар кыл кыйынчылыктарга чыдап, эмгектенип жаткан туугандарыбызга ыраазычылыгыбызды билдирип кайттык. Ар бир салымын кошкон бир туугандарыбыздан Аллах ыраазы болсун.
Негізгі бет ТОКТОГУЛ Ш. | КАРА-КАШ КАРЫЛАР ҮЙҮ
Пікірлер: 96