ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ. КАРЫЛЫК
Көмүрчүнүн атындай
Кыйшаң болгон кезегим,
Көп өмүрүм өткөрүп,
Шыйпаң болгон кезегим.
Араба тарткан тор аттай
Оор болгон кезегим.
Омурткамдан жыртылып,
Жоор болгон кезегим.
Арканы жок, жиби жок
Тушайт экен карылык,
Колду, бутту кан кылбай,
Бычат экен карылык.
Күрүчтөй болгон тишиңди
Чагат экен карылык.
Каран түндө башыңа
Салат экен карылык.
Сайраган булбул тилиңди
Бууйт экен карылык,
Сайгактай болуп өмүрдү
Кууйт экен карылык.
Картайып кеттим, Токтогул,
Кара чачым ак болуп.
Кайран жашты жоктодум,
Канаттуу куштай балалык,
Кайрылып келбейт окшодуң,
Эскирип кеттим, Токтогул,
Ээгимде сакал ак болуп,
Эсиз жашты жоктодум.
Ителги куштай балалык,
Эңсесем, келбейт окшодуң.
Картайып кеттим, кайран баш,
Кайрылып келбес арман жаш,
Катарымдан калтырды
Карылыкка барган жаш.
Эскирип кеттим, эсиз баш,
Эңсесем, келбес арман жаш,
Эл көзүнө жеңилттиң,
Элүү бешке барган жаш.
Аяктай булчуң эт кетти,
Анардай кызыл бет кетти.
Алтымышка жакындап
Айыл-үйдөн четтетти.
Негізгі бет Музыка Токтогул Сатылгановдун Карылык аттуу термеси (Кубат Тукешов)
Пікірлер: 8