Коомдук транспортто жүргөн кесиптештеринен уяларын айтып, коомчулуктун сынына кабылган депутат Камчыбек Жолдошбаевдин заңгыраган үйү коомчулуктун кызуу талкуусуна тушту. Мындай реакциядан кийин салык кызматы Жолдошбаевдин мүлкүн кайрадан карап чыкмай болду.Сепилден кем калбай салынган Бишкектин “Жал” кичи районундагы тамды таап чыккан журналисттер анын декларацияда көрсөтүлбөгөнүн айтышкан. Ал ортодо манчыркаган ЖКтин депутаттары жумушка кандай унаалар менен келээри да жарыяланды. Бери дегенде жүз миң долларлык автомашинилерди тепкен эл окулдору байлыктарын жаап-жашырганды качан токтотот?
Негізгі бет Уялчаак депутаттардын уялта турган байлыктары!
Пікірлер: 3,1 М.