Текст Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө, Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө. Тең болсо да бул аалам, Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан, Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө. Бирөө тартса муң-кайгы, Бирөө көрдү жыргалды. Жаратканым бар болсо, Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү, Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы. Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө, Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө. Бакыт конгон адамга, Ушул дүйнө - шаң дүйнө. Сүйгөнүнө жетпегенге - Чиркин дүйнө, зар дүйнө. Күйүп-күйүп, күл болом, Ичи тарды көргөндө. Көрсөм күйүп күл болом, Жакшы адамды бир арам, Жер алдына, жер алдына көмгөндө. Тирүүлүктө адамдар, адамдар, Алгаласын кадамдар, кадамдар. Арабыздан жок болсун, Ичи бузук арамдар. Ач көз, акмак, ач көз, акмак, Ач көз, акмак, сараңдар. Бакыт болсо, көппөйлү, Кайгы болсо, чөкпөйлү. Кагылайын адамзат, Өмүр өтүп баратат, Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.
@user-ub8ke9bi1w
10 ай бұрын
Фрунзе же 1990- жылдардын башында циркте концерт берген. Аябай аншлаг менен откон.Анда мен 7-8 жаштагы кыз элем, ошол концертке мамам менен баргам. "Эки тал корсон кыйбай жур" деп айбай ырдаган. Концерт буткондон кийин мамам, кыздар аябай ыйлашса оозумду ачып, эмнеге ыйлап жатышат булар деп тушунбой танкалгам. Корсо азыркы тил менен айтканда "Фанаттар" экен да.
@IbrahimTurkhan
4 жыл бұрын
Чубак Сатаевге 60 жыл! 1992-жылы жогорку билим алайын деп Кыргызстанга келгенде, ырларын алгачкы жолу уккан ырчылардын бири ыраматылык Чубак Сатаев болгон. Анын "Арман, Эстей жүр, Ак-бата, Түштүк кызы..." сымал ырлары мага аябай жакчу эле. Кийин Түркияга кетерде, анын кассеталарын да ала барып, ал жактан да уга берчүмүн. Өзүм сезимтал келип, лирикага жакын болгондуктан анын ырлары мен үчүн өзгөчө сезим козгогон өзгөчөлүккө ээ эле. Тагдырдын буйругу экен, жарык дүйнөгө эрте кош айткан менен, элеси элдин эсинен эч качан кетпей турган адамдардан болууга үлгүрдү. пс: Чубак Сатаев Таластык болсо дагы, төмөндөгү ырды жазган учурда, негедир Ат-Башыны жана Ч. Сатаевди эстеген элем. Түн бир оокумда, анын ырынын коштоосунда жазган ырым менен таанышыңыздар! АТ-БАШЫДА Чубак Сатаевге Ат-Башыда, жамгыр уктап, мен ойгоо, Ырын уксам Чубак түшөт дал ойго. Балдар жүрөт жарамазан айтышып, Кадам шилтеп короолордон коорого. Ат-Башыда, алыста суу күрпүлдөйт, Аккан сууга кыялдарым үлгүрбөйт. Мен Чубактын уккан сайын ырларын, Башым сылап, тоо артынан күлүңдөйт. Ат-Башыда, жаздын салкын убагы, Балбыл жанат балалыктын чырагы. Жамгыр сымал жаай берчү бир кезде, Ыр жүрөктүү, мукам үндүү Чубагы... Ат-Башыда, тыныкпастан жыл жылат, Өмүр дайра бизди алга жылдырат. Түн жамынып, баш оорута ойлонсом, Чубак сүйгөн угумдуу бир ыр чыгат. 16.06.2016 ***Жаткан жери жайлуу болсун!***
@nurgazymokushev9359
4 жыл бұрын
Укмуш жазыптырсыз! 👍
@IbrahimTurkhan
4 жыл бұрын
@@nurgazymokushev9359 мырзам, ыракмат. Чубактын арбагы ыраазы болсун.
@user-qb4cx6ye6o
4 жыл бұрын
MyKYRGYZSTAN 😚😚😚👍👍👍💖💖💖
@user-it2qb1kj4u
4 жыл бұрын
Чубактын жаткан жери жайлуу болсун, бул ырды ырдап чыкса болчудай экен Чубакка арнап.
@IbrahimTurkhan
4 жыл бұрын
@@user-qb4cx6ye6o ракмат! 😊
@user-pf2rq6pk7w
4 жыл бұрын
Азыркы жашоону 30 жыл мурун коруп жазган ыры. Эх сиздей кайталангыс таланттуу жана намыстуу адам табылбас. Жаткан жерениз жайлуу болсун. *Аллах бейиштен орун берсин!* аминь 🤲😔
@user-ym6xn3ih4w
4 жыл бұрын
😭😭😭
@janatayaaa8352
4 жыл бұрын
ООБА
@user-dn5lm3wg2l
Жыл бұрын
30 жыл мурун эле кыргыздар азыркыдай ичи тар начар болгонбузда, эмесе бул ыр каяктан чыкмак эле
@user-em6dk7xp9e
2 жыл бұрын
Чубак Сатаев ааламдан откондо 3 кун ыйлаганбыз.Ичи толо ыры м н кетти деп.Озгочо баалайт элек талантыны...Чубактай талант жок ошондон бери ..обондору ушунча уккулуктуу эле .Акыры абат,ыйманы саламат болсун!
@user-jt4nd6je3m
4 жыл бұрын
Акыйкатсыз заман болоорун сезгендей эле жазган экен! Туболук данк Чубак байке!!!
@user-pu5jm2wl3l
16 күн бұрын
Бул ыр шедевр ❤❤❤ Чубак Сатаев ,жап жаш кетти бул дүйнөдөн😢
@user-em8nu8sv9c
4 жыл бұрын
Эх Аке Кен дуйноо деп озун кете бердин жаш эле😭😭😭😭😭
@user-hx9rw9xu9m
3 жыл бұрын
Чубак агабыздай талант жаш кеткен ОЗУ жакшы кишинин омуру кыска болот экен тируу болгондо дагы канча ыр жаралмак атин
@user-oz4bf7ls6i
4 жыл бұрын
Урматтап сыйлайм Чубак байкени ырларын аябай коп угам ушундай адамдар коп болсо гана ,, чондор еле жок кылып койду Чубак байкени жаткан жери жайлуу болсун
@user-po3uv1sh1e
4 жыл бұрын
Мен Чубак Сатаев .Рысбай Абдыкадыров жана Таалай Бектургановдун ырларын укканда баардык кыйынчылыкты унутуп калам силердин жаткан жеринер жайлуу болсун Аллахым бейиштен оорун бпрсин
@user-yx5xt4dp4q
2 жыл бұрын
Нурлан Тилебаев...
@muhambettolokov7351
4 жыл бұрын
Атактуу Абдыкадыровдон кийинки Чубак акабизга түбөлүк таазим жана ДАҢК!!! Күйүп күйүп күл болом айла жок ач көз ажал арабыздан алып кеткенине.
@user-jz5ei3xu4o
2 жыл бұрын
Чубак байке каза болгондо мен 4 класста окучу элем ,биз жакка концерт коюп келгенде барып коруп келгенбиз.Андан кийин эле бат эле каза болуп калды
@Bisnesanalitic
2 ай бұрын
Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө, Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө. Тең болсо да бул аалам, Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан, Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө. Бирөө тартса муң-кайгы, Бирөө көрдү жыргалды. Жаратканым бар болсо, Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү, Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы. Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө, Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө. Бакыт конгон адамга, Ушул дүйнө - шаң дүйнө. Сүйгөнүнө жетпегенге - Чиркин дүйнө, зар дүйнө. Күйүп-күйүп, күл болом, Ичи тарды көргөндө. Көрсөм күйүп күл болом, Жакшы адамды бир арам, Жер алдына, жер алдына көмгөндө. Тирүүлүктө адамдар, адамдар, Алгаласын кадамдар, кадамдар. Арабыздан жок болсун, Ичи бузук арамдар. Ач көз, акмак, ач көз, акмак, Ач көз, акмак, сараңдар. Бакыт болсо, көппөйлү, Кайгы болсо, чөкпөйлү. Кагылайын адамзат, Өмүр өтүп баратат, Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.
@user-it2qb1kj4u
4 жыл бұрын
Чубак байкемдин ырлары 80 - 90 - жылдардын легендарлуу ырлар эх чиркин дуйно😢
@burulkukunova6571
9 ай бұрын
Окунучтуу сонун рдаган экенсин.
@bekamyrzabekov5943
4 жыл бұрын
Туболук данк!!! Чубак Сатаев кыргыз эстрадасынын кайталангыс легендасы
@user-cd2fu3ru9t
3 жыл бұрын
Чубак Сатаевдин акардион менен ырдаганын коргомун эстрада менен да ырдайт беле?
@user-yx5xt4dp4q
2 жыл бұрын
@@user-cd2fu3ru9t аккордеон,эстрада эмес.
@arapbaibeknazarov5043
3 жыл бұрын
Чубак байкенин жаткан жери жайлуу болсун Алла талам жаннаттын торунон берсин ордун ех арман дуйно талантту адамды алып тынды ажал
@user-jd7yu9nw7r
2 жыл бұрын
Ассалам алейкум как же он прекрасно и виртуозно поет я хоть из молодого поколение меня зашкаливают его песни
@user-qc8er1wy9f
2 жыл бұрын
Чубак сатаев байкени акыркы коргонум мен кичинекей болчум ключовкага концерт коюп аябай кыйкырып берилип ырдаганы альи коз алдымда турат 😭😭😭😭
@user-pj1do6pp2x
3 жыл бұрын
Чубак Сатайев эн сонун ырлары.Илгери эле ырдап койгон азыркы турмушту
@user-rf8fo5pb6e
4 жыл бұрын
Ехх енемдин радиосу Гана жанырчу еле айылда чубактын ырларынан
@user-gg8qz1xr2j
4 жыл бұрын
Туура ырдаган билгендей сезип аткандай.😔
@arapbaibeknazarov5043
3 жыл бұрын
Чубактын ырларын жаш кезде укчулем жакшы ырлары менда чубактаи ырдасам деп жургомун жаш кезде
@user-ms8dx4uz5x
Жыл бұрын
Мен биринчи жолу Чубакты филармонияда коргон элем андан кн башка концерттер мындай болбоду
@user-cu6ce5co8u
4 жыл бұрын
Жаткан жериниз жайлуу болсун ырынызды коруп коздон жаш актыгоо😥😥😥
Чувак Сатаев олушун билгендей ырдаган экенда жаткан жери жаннаттан болсун ырын уксан ыйлайсынго
@user-kf1ir3pr1p
3 жыл бұрын
Уккан сайын уккун келет журок эс ала турган ырлар
@adiletjakwylykov
Жыл бұрын
Сонун Адам еле сасет ардайым Дува калам жакшы Адам болчу
@ayzadaparpiyva740
3 жыл бұрын
Мен иште элем Бир спал радиолог угуп калдым кайтыш болгонун нем болуп калгамын кыйладан озумо келдиманан ыйлай баштадым не болду деп аржактан падрушкам келди мени кармады ундай болуптур деп айтым ал кошулду кадимкидей экобуз окурка ыйлаганбыз жакабелдегилер эмненер болот туганынарбы деп сурап та койушат ошол куну иш да кылалбадым ооруп калдым озум да биринчи кызымааз калган эле торолушуно ой Кокуй Тороп койсун дешип скорый чакырышып жаман болгонун раматылык Тен кур эле болсок керек Чубактагы талант эч кимде жок мен эч кимди тенебейм андай талант чанда жолугаталкишинин консерти келсе кирем деп нээт кылгам буйуруп насип калбаптыр Коро албадым эстесем азыр да ыйлаймын Уй булочке ойлоп да кайгырам кантишти кайгы деген жаман нерсе эч кимдин башына келбесин уулуну кудай колдосун жакшылар дайым жанында Болсун жамандардын сактасын ат ортуну тай басат деп ырдапкалса ыйлап отуруп кором оркуну омур бактылуу ооматтуу жигиттерден болуп журоберсин Чубактынжаткан жерин нурга толсун топурагы торко Болсун беште жур сен ырларын менен биздин журогубуздо жашайсын
@user-bn9yh1zp1s
6 ай бұрын
Чубак Ага, Аллах Таала ан Нуур жарык Кылуучу Ин шаа Аллах ✊✊✊
@eigive2269
3 жыл бұрын
Таластан чыкан Чубак Сатайев атин ай таш боор дунуйо жаны жанаттан болсун омиин
@rrk3588
6 ай бұрын
КЕРЕМЕТ ЫР 😢 ОМУРУ КЫСКА ЭКЕН. ЧЫНДЫКТЫ ЫРДАП ЭЛГЕ КАЛТЫРГАНДА
@user-ex3dn4py2f
11 ай бұрын
Арман далай ырларды жаратат элен балдарын аман болсун ордунду жоготпой ырдап Чубактын балдары деп сени. дайым эстеп журөбуз Жакыпбектин кызы Салкын Сатай аяш атам .
@user-jd7yu9nw7r
2 жыл бұрын
Ассалам алейкум чубак вертуозно поет я хоть из молодлго поколение,меня зашкаливает его песни
@aserfer1285
4 жыл бұрын
ЧУБАК АТА БЕЙИШИН БОЛСУН АЗЫР ДАЛ УШУНДАЙ ЖАШОО БИЗГЕ КЕЛЕРИН БИЛГЕНДЕЙ ЫРДАГАН ЭКЕНСИН ГО АРМАН ДУЙНО
@IslamToikeev
Жыл бұрын
Жуз жылда бир жаралчуу талант
@rrk3588
4 ай бұрын
2024 жыл супер хит болуп жатат
@TimurNasirov-pw4oh
4 ай бұрын
чуке аке мен сенин ырынды ар дайым
@user-mi5zk1yh3x
2 жыл бұрын
Өмүр бою даңк
@bulurskkffwkjdkdkwl6684
4 жыл бұрын
Сонун ыр
@user-em8nu8sv9c
4 жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун 😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭
@user-qj8ch6jn7e
4 жыл бұрын
👍👍👍эх Чубак байке азыр болгонунузда канча деген ырлар жаралмак?
@user-uy7qn9kf4h
4 жыл бұрын
Эркек Чубак байкебиз
@user-hp6bm6ew8n
4 жыл бұрын
Шедевр
@user-lf7bt9tm7h
Жыл бұрын
Жаткан жери жайлуу болсун
@TimurNasirov-pw4oh
4 ай бұрын
чуке Братын ырын ар дайым угам мен мындай ырчы жок бул жашодоо
@user-bn9yh1zp1s
6 ай бұрын
Азаматсыз ✊
@user-tt6gr4uw9z
Жыл бұрын
Талант от Бога, один голос и слова песни чего стоит, покойся с миром, жаль что такие Таланты рано уходят от жизни🙏🙏🙏🙏🙏
@rattynybekov2221
11 ай бұрын
Бала кезде Жамбыл базарында кассета саткан жерлерде жалан Чубак Сатаевдин ырлары жанырчу эле!!!
@user-nl2fp7rg3x
Жыл бұрын
Чубак олбоптур чубак сатаев легенда
@baisbastir9897
Жыл бұрын
Молодцы так держать!
@call-centrealimbekov1761
3 жыл бұрын
Керемет...
@user-of3ey8tu1p
4 ай бұрын
Алтынвм Чубак Сатаевбаары эсте қпалган Фрунзе кезинде
@Boss-di3xw
5 ай бұрын
Чуба́у сатаев
@user-tt6vy8os1y
10 ай бұрын
Журогум ооруйт ушундай адамдар отуп кетти табылгыс ун
@zaykaalexzandrovna2970
3 ай бұрын
❤скучаю
@user-fv2jv1pw7e
Жыл бұрын
Кыргызский Виктор Цой ❤!
@eigive2269
3 жыл бұрын
Обончу Аткаручу Жазучу Ырчы атин арман
@turdumbekovabubaim9543
3 жыл бұрын
Бейиштен Тор берсин
@alpkypchak5810
3 жыл бұрын
Атактуу инсандарды эстеп уккандар барбы 120 шакалга жининер келип
@user-wv9ul8uq1k
4 жыл бұрын
20 кылымдын кучтуу ырчылардын бири эх жаль что не оставил после себя настоящего наследника ...кубаныч даже не годится быть тенью своего легендарного отца
@kubanychsataev9328
Жыл бұрын
Оозуна карап суйлочу . Атан учун мага окшоп омурунду арнап данкын которуп анан суйло келдиребей!
@user-qv8nf2ws3c
2 жыл бұрын
Бул дүйнө шору бүтпөгөн кем дүйнө
@user-ip4gr2km5q
Ай бұрын
Чубак Сатаев менен группалаш болгонума сыймыктанам
@user-jk6hj8xn8w
Жыл бұрын
Алейким селам
@minavarmatkasymova7035
Жыл бұрын
Чувака данк ушунун деле сырдуу олуму ачыкка чыкпады просто аракка шылтап койду бирок андай эмес.
@user-zs1xx8sp4f
3 жыл бұрын
Эх
@jainakarypova4814
4 жыл бұрын
👍👍👍👍👍
@TimurNasirov-pw4oh
4 ай бұрын
менин бул жашоодо жакшы коргон чубак акемин ырлары мындай ыр жок тшенебергиле жаш кети чуке Акем калганы мулттк ишенебергиле укула чуюак Акемин ырын бут мазмунду тушунгон адамга соз жок
@user-of3ey8tu1p
4 ай бұрын
Ассаламу Алейкум бұл Чубак Сатаев мырзаны күндіз түн болсын еске алыу не деген ғанибет ұмытпвймыз
@user-of3ey8tu1p
4 ай бұрын
Чубак Сатаев қырғыздың дүл дүлі
@user-of3ey8tu1p
4 ай бұрын
Өмірі еш қашан ұмытылмасын
@user-tb8cc8li8y
4 жыл бұрын
Ун деп ушуну айт чыныгы нукура ыр
@user-sy7rh1cc7u
8 ай бұрын
❤❤❤
@user-lf7bt9tm7h
Жыл бұрын
😭😭😭😭😭😭
@user-em8nu8sv9c
4 жыл бұрын
Неге мынтып ырдадын экен мына алып кети гор дуйноо аке
@user-of3ey8tu1p
4 ай бұрын
Иниси қайда жүр Құсшыбек
@user-og7ho8tq5w
8 ай бұрын
😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢
@AzizaJumabaeva-go7ro
7 ай бұрын
Бул ырды укпай эле койсонор болот
@user-tj7in1xh2j
2 жыл бұрын
🥀😔🤝🤝🤝👍👍👍👍💪💪💪
@TimurNasirov-pw4oh
4 ай бұрын
анаа ыр деп ущугу айт
@user-uz8kd5sw5w
Жыл бұрын
чимкириктерге арналган турбайбы
@user-dz2ez9cu3g
3 жыл бұрын
Эмне деген текст журокко жетээрлик.
@user-og2sl6rr5j
4 жыл бұрын
Караоке жасагылачы
@user-mx6jk5fr6v
3 жыл бұрын
Ырдап жаткан Чубак Сатаев эмеско че то
@user-ry5kw1wh8p
Жыл бұрын
Биринчи куплетин Чубак Сатаев ырдаган калганын Борончу байке ырдаган
@boriamagamedov4470
2 жыл бұрын
Х
@meilkanjumabekova6061
11 ай бұрын
Чувак Сатаевдин унунун озунчо бир касиети бар эле ал озгочо бир изеюминкасы менен андай конгкроо эч кимде азырынча жок десем болот хотя бы Чубактын ыры учун жаткан жери жай болсун
Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө, Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө. Тең болсо да бул аалам, Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан, Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө. Бирөө тартса муң-кайгы, Бирөө көрдү жыргалды. Жаратканым бар болсо, Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү, Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы. Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө, Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө. Бакыт конгон адамга, Ушул дүйнө - шаң дүйнө. Сүйгөнүнө жетпегенге - Чиркин дүйнө, зар дүйнө. Күйүп-күйүп, күл болом, Ичи тарды көргөндө. Көрсөм күйүп күл болом, Жакшы адамды бир арам, Жер алдына, жер алдына көмгөндө. Тирүүлүктө адамдар, адамдар, Алгаласын кадамдар, кадамдар. Арабыздан жок болсун, Ичи бузук арамдар. Ач көз, акмак, ач көз, акмак, Ач көз, акмак, сараңдар. Бакыт болсо, көппөйлү, Кайгы болсо, чөкпөйлү. Кагылайын адамзат, Өмүр өтүп баратат, Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.
Пікірлер: 115