Сузакта ар жума сайын жайма базар иштейт. Бул күнү республиканын бардык аймактарынан көчүп-конгон соодагерлер топтолушат. Дээрлик 20 жылдан бери иштеген жума базар бүгүнкү күндө мыйзамсыз, келишимдер түзүлгөн эмес. Базаркомдор жыйнаган акча кайда кетип жатканы белгисиз. Жергиликтүү бийликтин жайма базарды жылдыруу аракеттери бир нече жылдан бери ишке айшпай келгени маалым. Анткени базар негизги көчөгө чейин чыгып, жол коопсуздугу сакталбай келет. Ал эми жол кыймылынын камсыздоо кызматкерлери сатуучуларды эрежеге баш ийдире албай убара. Жыйынтыгында Сузактын борборунда ушундай башаламандык орун алууда.
----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Официальный сайт: regiontv.kg
REGION TV @ Instagram / regiontvkg
REGION TV @ Facebook / regiontvkg
REGION TV @ Одноклассники ok.ru/region.kyrgyzstan
Негізгі бет ЖУМА БАЗАРДАН ТҮШКӨН АКЧАНЫН ИЗИ ЖОК. МЫЙЗАМСЫЗ АРАКЕТТЕРДИ КИМ ТЕКШЕРИП ЖАТАТ?
Пікірлер: 34