Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө дээрлик 4 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөөрүн жарыялады. Бул тууралуу Кытай лидери Ши Жиньпин өткөн аптада жыйынтыкталган биринчи “Борбор Азия-Кытай” саммитинин соңунда билдирди. Адатта экономикалык кызматташтык менен гана чектелип саясий амбицияларын анча ачыктабай келген Кытай, Россия Украинага каршы согуш ачкандан кийин, Кремлдин олуттуу таасири бар чөлкөмдө өз позициясын бекемдөөнү көздөп жаткандай. Дагы бир маанилүү жагдай: бул иш-чара G7 же чоң жетилик саммитин утурлай өткөнү болду. Айтмакчы чоң жетилик дагы Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты чыңдоого кызыктар экенин айтты. Акыркы геосаясий окуялар аймактын дүйнөлүк аренадагы маанисин олуттуу түрдө өзгөртүп жатат. Capital командасы бул өзгөрүүлөрдү жана анын аймактын экономикасына тийгизген таасирин талдайт.
#экономика #кыргызстан #бишкек #новостикыргызстана
Негізгі бет Чыгыш менен Батыштын Борбор Азиядагы кызыкчылыгы
Пікірлер: 174