30-июлда таңкы саат 04:30дар чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон.
Ысык-Көлдүн тескейиндеги кан жолдун 35-чакырымында жолдун айрым жерлерин сел алып кетти. Көлдүн тескей тарабындагы жол ачык. Ал эми Чолпон-Ата шаарында нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдү суу каптады.
Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри, мекеменин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы чыгып кетишти.
Азыркы учурда куткаруучулар иштеп жатат. Жабыркагандар катталган эмес.
_________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - kzitem.info/rock/s_x...
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
Негізгі бет Ысык-Көлдүн тескейинде сел жүрдү
Пікірлер: 13