24-майда «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында 13 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жигиттин апасы президентке, УКМКнын төрагасына жана башкы прокурорго кайрылды.
Башкы прокуратура Ленин РИИБдин кызматкерлери жана соттук-медициналык экспертиза адисине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүгү жана 361-беренесинин (Далилдерди бурмалоо) 2-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага 13 жаштагы А.Ж.нын зордукталышы жана анын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими себеп болгон. Маркум А.Ж. өз өмүрүн кыйган.
Январь айында соттук-медициналык экспертиза кызматкери Б.Г. кармалган болчу. 10-февралда Ленин РИИБдин тергөөчүлөрү Т.И. менен А.у.А. кармалган. Ал эми өспүрүм кызды зордуктоого шектелген И.К. 23-январда камакка алынган.
Кененирээк barakelde.org/news:521413
Буга чейин Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев прокуратура кызматкерлери кармаган 2 тергөөчүнүн бирөөсү гана камакта экенин айткан.
«Өспүрүм кыз алгач дайынсыз жоголду деген негизде издөөгө жарыяланган. Андан соң кыз өзү кайтып келген. Анын айтымында, ата-энеси менен урушуп кеткен жана шектүү менен жыныстык катнашта болгон. Кыз шектүүгө турмушка чыгууга камынып жаткан. Бирок ал жашы жете элек кыз болчу, жыйынтыгында ушундай окуя болуп кетти», - деген Ногойбаев.
Шектүүнүн апасы Замира Эшимбетова прокуратура кызматкерлеринин тергөөсүнө нааразы экенин, уулу А.Ж.ны өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүүгө да шектелип жатканын айтты.
Негізгі бет Өз өмүрүн кыйган 13 жаштагы кыз: Камакка алынган жигиттин апасы башкы прокурорго кайрылды
Пікірлер: 804