Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн тургундары жеке турак жайга жер тилке алуу боюнча нааразычылык билдирип чыгышты. Алар калктуу конуштардын жерлери жең ичинен сатылып жатат деген күмөндүү ойдо турушат. Аталган айыл өкмөткө 2022-жылы 84 гектар жер трансформацияланып, айыл чарба багытындагы жерлер калктуу конуштар категориясына которулуп, токтомдун негизинде тизме менен бөлүштүрүлмөк. Деген менен мыйзам сакталган эмес, башаламандык орун алып, жылдап кезекке тургандар четте калып жатканын белгилешүүдө.
Тургундар жерлердин мыйзамсыз бөлүштүрүлүшүнө, сатылышына мурдагы айыл өкмөт Өзгөнбай Эсенбаев, Динмухаммед Бокошевдерди айыпташууда. Чогулгандар тизмеде жок, бир эле адам 3 чек алганына нааразы болуп, чек тартылган жерди жеринен көргөзүштү. Регион телеканалына кайрылгандан кийин дагы телефон аркылуу чалуулар болуп, коомчулукка чыгарбай туруу боюнча сүйлөшүүлөр болгону айтылат.
Негізгі бет ӨЗГӨНДӨ ЖЕР САТУУГА НАРААЗЫЛАР ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ
Пікірлер: 15