Каза болгон баланын ата-энесинин айтымында, аталган кесиптик окуу жайга октябрь айында окууга барат.
Бирок ал жерде өзүнөн чоң курстагы балдар сабап койгон үчүн окубайм деп келе берет.
Муну уккан ата-энеси үйдө жүрө бер, атестатыңды биз алып коёбуз деп алып калат. Эки ай өткөн соң кайра Манас аттуу агайы чакырып, окууга келип кет дейт. Эрте менен маркум “мени агай чакырып жатат, көзгө көрүнүп кет деди. Түштөн кийин келип калам, барып келейин”, - деп үйүнөн чыгып кетет.
Аны менен чогуу окуган досу, барбай эле койсоңчу, экөөбүз чогуу барабыз сени уруп кетпесин дейт. Маркум Элдияр урбаса керек жарыкта кетип жатам, жолугуп келейин деп кеткен бойдон кайтып келген эмес.
www.turmush.kg...
Негізгі бет Өзгөндөгү 16 жаштагы баланын өлүмү: Ата-энеси үйүнөн соо чыгып кеткен баласынын өлүмүн угушту
Пікірлер: 812