Кыргызстандагы айрым кризистик борборлор соңку жылдары эркектер өз аялын менчигиндей көрүп, каалагандай зордук-зомбулук көрсөткөн окуялар көп катталып жатканын айтып келет. Мындай көрүнүштүн күчөшүнө коомчулуктагы кайдыгер, көңүлкош мамиленин таасири канчалык? Эгер сиз аял ур-токмокко алынып жаткан учурга капысынан күбө болуп калсаңыз сиздин аракеттериңиз кандай болмок? Жардам берүүгө аракет кыласызбы же бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишпейм деп басып кетесизби? “Эже-сиңдилер” берүүсүндө биз үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күчөшү, ага карата коомдун мамилеси тууралуу сөз кылабыз.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzitem.info/rock/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
Негізгі бет Зомбулукту күчөткөн кайдыгерлик | "Эже сиңдилер"
Пікірлер: 456