Матф 4:1-11: "Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды. Ал кырк күн, кырк түн орозо кармап, акырында ачка болду. Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!» - деди. Ыйса ага: «“Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт”, - деп, Ыйык Жазууда жазылып турат», - деп жооп берди. Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда боюңду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, - деп жазылып турат». Ыйса ага: «Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңди сынаба”, - деп да жазылып турат», - деп жооп берди. Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын көрсөттү. Анан Ага: «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем», - деди. Ошондо Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени: “Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, - деп жазылып турат», - деп жооп берди. Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты."
www.instagram....
www.tiktok.com...
#куткаруучу #ыйса #теңир #библия #инжил #машайак #падыша #христианин #ыйыккитеп #ыйыкрух
Негізгі бет Абайла, максатыңан четтеп кетүүдөн
Пікірлер