Чыныгы тобо кылуу
KYB, Матф 3:1-12: "Бир нече жылдан кийин чөмүлдүрүүчү Жакан келип, Жүйүт жериндеги ээн талаада мындай деп жар сала баштады: «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды». Жакан жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», - деп айткан. Жакан болсо төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Жегени чегиртке менен жапайы бал эле. Ошондо Иерусалимдеги, Жүйүт аймагындагы жана Иордан дарыясынын айланасындагы элдин баары ага келип, күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясында сууга чөмүлдүрүп жатты. Чөмүлдүрүлүү үчүн келе жаткан бир топ фарисейлер менен садукейлерди көргөндө, Жакан мындай деди: «Жылан тукумдары! Кудайдын келечектеги каарынан качып кутулууну силерге ким айтты? Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө! “Биздин атабыз - Ыбрайым”, - деп ойлобой эле койгула. Силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат. Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат. Мен силерди тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп жатам, бирок менин артымдан Келе Жаткан менден күчтүү. Мен Анын бут кийимин көтөрүп жүрүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт. Анын күрөгү Өз колунда, Ал Өз кырманын тазалап, буудайын кампага жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат»."
instagram.com/dastan_kaiy...
www.tiktok.com/@dastankaiypbe...
#Ыйса#машайак#куткаруучу#ыйыкрух#баптсит#бейиш#асманпадышачылыгы#тобокылуу#суугачөмүлдүрү
Негізгі бет Чыныгы тобо кылуу/ Сууга жана Рухка чөмүлдүрү/ Баптист
Пікірлер: 18