Өтөбөй уйку неченин,
Дайрасын ойдун кечемин.
Ажарың жүрөк жандырган,
Ак шоокум сен деп сеземин.
Көздөрүң алоо жаккандай,
Каректе көп сыр жаткандай.
Таасириң мынча сүйкүмдүү,
Жайлоодон аткан ак таңдай.
Тартасың ойду жеңесиң, Тартылып көзгө кэлесиң. Айламды кандай кыламын Ээрчитип алды элесиң.
Каксаң да каалап сен дегем,
Карагым келип дембедем.
Бүт тартып алган эркимди,
Бүткөнсүң айтчы эмнеден.
Сен турган кыштак жаркырап,
Көңүлгө элес калтырат.
Эзбесең боло жүрөктү,
Эчаккы өчүң барчылап.
Көрбөсөм көөнүм жайланбай,
Көп ишим унут калгандай.
Он минут турсам жаныңда,
Ошол күн мага майрамдай.
Негізгі бет "АК ШООКУМ" Сөзү, обону. Ашыраалы Айталиев. Жапар Чабалдаевдин аткаруусунда.
Пікірлер: 8