“Альянс Алтын” компаниясында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган “Жерүйдүн таланттары” аталышындагы конкурс өткөрүлдү.
Конкурс учурунда “Альянс Алтын” ЖЧКсынын жана подрядчы уюмдардын 12 кызматкери ырдоо, музыкалык инструменттерде ойноо, “Манас айтуу” жана поэзия боюнча өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Ал эми калыстар тобу ”Жерүй” ТАККнын кызматкерлеринин арасынан тандалып алынды.
“Альянс Алтын” ишканасынын айдоочусу Эмил уулу Ынтымак жеңишке жетип, ага 10 миң сом сыйлык ыйгарылды. Экинчи орунду “Намыс Голд Секьюрити” коргоо кызматынын кызматкери ээлеп, 7 миң сом утуп алды. Ал эми үчүнчү орунду ээлеген дагы бир айдоочу Асылбек Кобоевге 5 миң сом берилди. Алтын ылгоочу фабриканын аппаратчысы Фархад Раймкулов көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү аталып, 4 миң сом сыйлыкка ээ болду. Калган катышуучуларга ыраазычылык иретинде 2 миң сомдон берилди.
Бул конкурс катышуучулардын чыгармачылык жөндөмүн ачып, ынтымакты бекемдөөгө, маанайды көтөрүүгө жана жалпы эмгек жамааттын мотивациясын жогорулатууга өбөлгө түздү. Жерүйдө мындай иш-чара биринчи жолу 2022-жылы уюштурулган. Мындан ары аны жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.
Негізгі бет Жерүйдө таланттар конкурсу өттү
Пікірлер