.Мага жакпайт өзөмө өзүм кыянаттык кылганым..
Мага жакпайт мээрими жок жалган күлкү жылмаю..
Бул сезимдер мени ууландырып жатат..
Карагылачы айланабызда канча зомбулук, алсыз наристелер биздин жоопкерчиликсиз кадамдарыбыздан жабыркап жатат..
Мен баары сыяктуу жаралгандагы мага багышталган багытымды унутуп калдым..
Мен өзгөрүшүм керек... өзүмдөн баштоом керек...
А сизчи?
" Мага жакпайт"
с.о Гүлзада Рыскулова
Күлүмсүрөп күн да күлүп башкача,
Күмүш күндөр тынбай өтүп жатса да.
Мага жакпайт жалган күлкү, жылмаюу,
Жүрөгүндө чындап сүйүү жатпаса.
Ар убакта мээрим нурун чачса да,
Аруу жандар көөдөнүнө батпаса.
Мага жакпайт зомбулуктун камчысы,
Чабылганда наристеге таптаза.
Мейли жайбы, кышпы, жазбы же күзбү ,
Мезгил сызып, күндөрдү артка таштаса.
Мага жакпайт жакшы обон жазбасам,
Чар тарапка кайрыктары шашпаса.
Жалгыз гана өмүр берген адамга,
Жашоо берген, көңүл берген жалганда.
Мага жакпайт жалган жалаа көө жапса,
Жерде эмес чындык жашайт асманда.
Негізгі бет Гулзада Рыскулова - "Мага жакпайт" Жаңы клип/Супер клип 2020
Пікірлер: 19