Чет жерде абройлуу окуу жайлардан билим алып, карьерасын дүйнөлүк ири компанияларда түптөй алган кыргызстандыктардын саны арбын. Бүгүнкү күндө Гарвард, Оксфорд, Пенсильвания, MIT, Дьюк университеттери сыяктуу дүйнөлүк рейтингдин сап башында турган окуу жайларын ийгиликтүү аяктап, ири компанияларда жетекчи позицияларда өздөрүн көрсөтүп жаткан кыргыз адистер да көп кездешет.
Limon Media редакциясы дүйнөлүк масштабда кирешеси, кызматкерлеринин саны, мыктылыгы жагынан өзгөчөлөнгөн дүйнөлүк компанияларда иштеп жаткан кыргызстандыктарды бир макалада чогултуп көрдү.
Бул топтомдо 150 млрд доллар кирешеси бар АКШнын эң ири банктарынын бири катары эсептелген JPMorgan Chase & Co каржы конгломератында иштеген 6 кыргызстандык тууралуу кеп кылабыз.
Негізгі бет Ойын-сауық JPMorgan Chas & Co $4,1 трлн доллар активи бар америкалык ири банкта иштеген кыргыздар
Пікірлер: 1