Бүгүн өкмөттүн 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кызматкерлерине турак жайларды бөлүштүрүүдө конкреттүү коррупция бар экенин айтып, бул ишти тартипке салбаса болбой турганын эскертти.
Ал өз сөзүндө: - "Бизге күч түзүмүндөгү кызматкерлер кайрылып жатышат. Кызматкерлердин тажрыйбасына, үй-бүлөлүк абалына карабай эле батирлер берилип жатыптыр. Мисалы 25-30 жыл кызмат кылып, 3-4 баласы бар үйү жок батирде жашаган кызматкерлер албай эле, тажрыйбасы аз кызматкерлер акча берип алып жатышканы боюнча маалыматтар келип жатат. Бул жерде турак жайларды бөлүштүрүү боюнча мыйзамдык нормалар одоно бузулуп жатат. Мисалы Генералдык штабдын турак жай берүү комиссиясынан маалыматтарды ала албай койдум, бул иштерди өз көзөмөлүңүзгө алсаңыз" - деп белгиледи. Белгилей кетсек Акыркы үч жылда Кыргызстандын күч түзүмдөрүндө эмгектенген кызматкерлерге миңден ашуун батирлердин ачкычтары тапшырылган.
Андан сырткары С. Келдибаев өткөн жылдагы Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылындагы табигый кырсыктардан улам Жалпак-Таш айылдык округунун Курбу-Таш жана Ынтымак айылдарындагы курулуп башталган мектептерге каражат бөлүнбөй токтоп турганын айтып, сентябрь жакындап калганын, жаңы окуу жылына даяр болуш керек экенин өкмөт башчынын эсине салды.
Негізгі бет ЖК депутаты С.Келдибаев күч органдарынын кызматкерлерине батир берүүдө коррупция бар экенин айтты
Пікірлер: 8