3 - бөлүм
Эртеси ал Мырзадан дарегин сурап алып кызды көрүп келүүгө такси менен барды да акырын эшигинин алдына барды, короосу тозулбаган эки бөлмө времянканын алдында очок, анын жанында тактайдан коюлган үстөл, ары жакта кир жайган керме, чөөгүн менен суу куюлган эскилиги жеткен бочкадан бөлөк эч ким жок эле. Ошол учурда үйдөн колуна чара көтөрүп чыгып келе жаткан Аруужаз аны көрүп чоочуп кетти.
- Сиз...
- Кызым, бул үйдө турасыңарбы?
Негізгі бет "Кең пейилдик бакыт" | 3 | Эртеси ал Мырзадан дарегин сурап алып | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
Пікірлер: 17