Болотбек менен Каным бешигин алып келип берип кетишти, ошондон кийин көңүлдөрү тынып өз үйүн оңдоого киришти, Аруужаздын арты менен үч иниси тең мектепке окуп, Каным килтейген контейнер алып соода кыла баштаган. Акмат жумуштан келип эле Бакайдын бөлмөсүнө кирет, уктап жатса дагы колуна алып өйдө-төмөн көтөрүп эркелетип:
- Бөпөмбү ушул, кичинекей кеменгерим бекен, Бакай кана мени карачы уулум, - деп шор-шор жыттап алат.
- Атасы, баланы антпей жүрчү, оор болот имиш, - дейт Тоту.
- Эмне оор болот экен?
Негізгі бет "Кең пейилдик бакыт" | 4 | Каным килтейген контейнер алып | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп
Пікірлер: 7